Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 2/2
Кашка-Суу айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Кашка-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген айылдык кеңештин типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Кашка-Суу айылдык кеңешинин регламентинин жаңы редакциясын талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин. (регламенти тиркелет).
2. Кашка-Суу айылдык кеңешинин ушул токтомун расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мамытовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Калетовага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кулетов. |