Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 3/2
Жылкыларга чип тагуунун кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы райондук башкармалыгынын тапшырмасы боюнча айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринариялык кызмат боюнча адисинин кайрылуусунун негизинде, Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсү боюнча, жылкыларды идентификациялоо боюнча кызмат акыны бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы жылкыларды идентификациялоого жеке ветеринарлар тартылсын.
2. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын колдо бар жылкыларына чип тагуу максатында, кызмат акысы үчүн ар бир баш жылкыга 33 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка- Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
5. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |