Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 3/3
Кашка-Суу айыл аймагына келген туристерге заманбап аялдама куруу үчүн жер аянттарын ажыратууга макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Айыл аймагына келген туристерге заманбап аялдамаларды куруу үчүн, айыл өкмөтүнүн борборунан 0,05 га жана Кара-Арча участкасынан 0,04 га жер аянттарын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткаруудагы жоопкерчилик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
4. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |