Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 3/4
Жарандардан келген арыз, кайрылууларды кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылынын тургундарын ичүүчү Таза-Суу менен камсыз кылуу максатында, суу кампасын куруу үчүн Ышкын-Өлдү участкасынын оозунан 0,50га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
4. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |