Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 3/5
Жарандардан келген арыз, кайрылууларды кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Ы.Р.Жедигеровдун кайрылуусундагы Тогорок участкасына таш майдалоочу завод куруу максатында сураган жер аянтынын мыйзамдуу жагын мыйзам чегинде карап чыгуу жагы Кашка-Суу айыл өмөтүнө сунушталсын.
2. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
3. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |