Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/1
«Кашка-Суу айылынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата аткарылышы, 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга карата долбоорун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13- беренесине ылайык, Кашка-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун жана айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Матибаевдин отчеттук билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кашка-Суу айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, бекитилген киреше 7151,0 (Жети миллион бир жуз элүү бир миң) сом, тендөөчү трансферт 3143,0 (Үч миллион бир жүз кырк үч миң) сом, жалпысы 10294,0 (Он миллион эки жүз токсон төрт миң) сом, суммасында №1- тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 - тиркемелерге ылайык, атайын каражаттагы бала бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 10294,0 (он миллион эки жүз токсон төрт миң) сом менен бекитилсин.
4. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №3 –тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 200,3 (Эки жүз миң үч жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 66,8 (алтымыш алты миң сегиз жүз) сом айыл өкмөтунүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө, ал эми калган бөлүгү 133,5 (бир жүз отуз үч миң беш жүз) сом «Кашка-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджет жөнүндөгү» мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 105,0 (Бир жуз беш миң) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0 ( эки жуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын киреше бөлүгүнөн калган 2402150 сом акча каражатынан:
-2022-жыл үчүн кассалык жүгүртүлүүчү накталай акча 200,0 (эки жүз миң) сом.
-башкаруу аппаратынан айыл өкмөтүнө көмүркана курууга, беккари чуңкурчасын курууга
Р-701 ст 22221100 камсыз кылууларды алуу үчүн 250,0 (эки жүз элүү) миң сом.
-айыл өкмөтүнүн алдындагы эстеликтин ташын жаздыруу үчүн, 2022-жыл ичинде даярдалуучу долбоорлор үчүн, 2022-жыл эл жана турак жай каттоо үчүн, үлүш жерлерди идентификациялоо үчүн, Гос Акт тех паспорт АПУ-ИТУ документ алуу үчүн, өзгөчө кырдаалдр үчүн резервдик фонд, айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымы үчүн Р-701 ст 22154900 Ар түрдүү чыгымдар үчүн 835,2 (сегиз жүз отуз беш миң бир жүз элүү) сом.
-Заманбап аялдама куруу үчүн өздүк салым Р-701 ст 31113290 Башка курулуштарды сатып алуу жуну куруу үчүн 300,0 (үч жүз миң) сом
- Жаңы-Айыл айылына столбо алуу үчүн, Чарбак айылына тазасууга шланга алуу, Тосту,
Чеч-Дөбө айылына чоң арыкты оңдоо, Токой таза-суусунун башын королоо, Өлөн-Булак айылы муктаждыктары үчүн мектептин жерин тегиздөө, жана арыктарды оңдоо үчүн,
Сөгөт айылына таза-суу башына дамба куруу, Кара-Төбө айылына таза-суу башын королоо, Кара-Башат айылына Айбек участкасындагы көпүрөнү оңдоо, Туюк-Жар айылына столбо алуу 701 ст 22221100 Камсыз кылууларды алуу үчүн 620,0 (алты жүз жыйырма миң) сом.
-Жаңы-Айыл айылдык китепканасынын үстүн алмаштырып жабуу Р-70821 ст 22221100
Камсыз кылууларды алуу үчүн 100,0 (Жүз миң) сом.
-спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн Р-70823 ст 22154900 Ар түрдүү чыгымдар үчүн 50,0 (элүү миң) сом.
-Б.Айтматов мектебине керектүү материалдарды алуу үчүн Р-70921 ст 22221100 Камсыз кылууларды алуу үчүн 47,0 (кырк жети миң) сом.
11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
12. Айылдык кеңештин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
13. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
14. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Калетовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Кулетов. |