Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун 2022-жылдын 24-январындагы кириш № 2 кайрылуусу боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Айбек участкасынын Шиш-Дөбө дөөңсөөсүнөн тургундарды мобильдик жана интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында О!
Мобильдик байланыш компаниясынын антеннасын убактылуу орнотуу үчүн ижара келишими менен 25 м.кв. жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткаруудагы жоопкерчилик Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы А.Курбанбаевге жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу
комиссиясыныны төрагасы Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |