Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/4
Ар кандай маселелердин алкагында Кашка-Суу айыл аймагындагы тургундардан келген кайрылууларды кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган ар кандай маселелердин алкагында Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Айыл тургундарын жана жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо максатында Туюк-Жар айылынын Ынтымак участкасынан мечит куруу үчүн 0,05га жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берилсин.
2. Тогорок-Сай айылынын тургундарын жана жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо максатында Тогорок-Сай айылынан мечит куруу үчүн 0,04га жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берилсин.
3. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын колдо бар жылкыларына жана кара малдарына чип тагуу максатында, кызмат акысы үчүн ар бир баш жылкыга 70 сомдон жана ар
бир баш кара малга 50 сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткаруудагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулуна жүктөлсүн.
5. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
6. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |