Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/5
Ар кандай маселелердин алкагында Кашка-Суу айыл аймагындагы тургундардан келген кайрылууларын жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун сунуштарын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган ар кандай маселелердин алкагында Кашка-Суу айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдраимов Асандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кашка-Суу айыл аймагынын төмөндөгү атуулдарына айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыктарын жана көп жылдык эмгектерин эске алып,
1 Субанов Абдиталип Кожобекович.
2 Мавлянов Райымбек.
3 Шерматов Аскарбек Дайырбекович.
4 Исманалиев Бегимкул Акимбекович.
5 Сулайманов Сатимкул Батырбекович.
6 Туманбаев Арстанбек Муктарбекович.
7 Шадыбеков Баратаалы Жумабекович.
“Кашка-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын
төрагасы; А.Абдраимовго тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |