Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/6
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек уулу Шекербектин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун 2022-жылдын 31-январындагы кириш № 6 кайрылуусу боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдраимов Асандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук мамлекеттик бөлүмү менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айыл аймагында, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн тараптардын шарттары менен түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткаруудагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулуна жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; А.Абдраимовго тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |