Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 5/7
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кашка-Суу айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө.
Кашка-Суу айылдык кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кашка-Суу айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө “Бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Калетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кашка-Суу айыл аймагынын 2019-жылдын 1- январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө “Бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.М.Калетовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Аталган аудиттин жыйынтыгы боюнча отчётто жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ОШ шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн сунуштар Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулу жана айыл өкмөтүнүн ФЭБинин башчысы-башкы эсепчи Н.Б.Матибев тарабынан аткарууга алынсын жана көрсөтүлгөн кемчиликтерге мындан ары жол бербөө аларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн22.12.2021-жылдагы №01-14/546 сандуу катына жооп иретинде аталган аймактык бөлүнүшүнө жөнөтүлсүн.
4. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
5. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын төрагасы; А.Калетовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Кулетов. |