Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2021-жылда аткарган иштери боюнча отчётун угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы А.К.Курбанбаевдин берген отчётун жана Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамадалы уулу Нурсултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы А.К.Курбанбаевдин 2021-жылда аткарган иштери боюнча берген отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
3. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; Н.Мамадалиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Кулетов. |