Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/3
“Сумсар айыл аймагынын 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын 2022-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Ашировдун билдирүүсүн угуп Сумсар айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү 11136,3 минсом өлчөмүндө, анын 10436,3 мин сом жергиликтүү салыктар, 700,0 мин сом атайын каражаттар №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана өз убагында салыктарды жыйноону камсыздоо Сумсар айыл аймагына тапшырылсын.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга чыгаша бөлүгү 11136,3 мин сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга резервдик фонду 105,0 мин сом өлч өм үнд ө бекитилсин.
4. Сумсар айыл Өкмөтүнүн01.01.2022-жылга эркин калдыкта калган акча каражаттары №3 тиркемеге ылайык Сумсар айыл Өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде бекитилсин.
5. Сумсар айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата долбоору 11512,3 мин сом жана 2024-жылга карата долбоору 11786,3 мин сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин бюджеттик комиссиясына жана Сумсар айыл Өкмөтүнүнбашчысына жүктөлсүн
8. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |