Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/4
“Сумсар жайыт комитетинин жана вет. борбордун маалыматы жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Сумсар вет. борбордун жетекчисинин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар жайыт комитетинин жана вет. борбордун 2021ж. аткарган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Сумсар жайыт комитетинин жана вет. борбордун 2022ж. аткарыла турган иштерин ишке ашыруу жагы жайыт комитетинин жана вет. борбордун жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин Жер, жайыт, архитектура, экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнөкирет.
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |