Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/5
“Сумсар -Тазалык муниципалдык ишканасынын маалыматы жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2021ж. аткарган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Сумсар-Тазалык ишканасынын 2022ж. аткарыла турган иштерин ишке ашыруу жагы Сумсар-Тазалык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин Таза суу, тазалык, жолдор, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |