Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/6
“Сумсар орто мектебинин директорунун кайрылуусун кароо жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы Сумсар орто мектебинин директорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар орто мектебинин 1990 жылдары курула баштап Союз жоюлуп курулушу бутпой калган мектептин имаратынын материалдыры жарабай калгандыктан жана долбоору жоголгондугуна байланыштуу мектептин долбоору жокко чыгарылсын.
2. Сумсар орто мектебинин жаны долбоорун түзүп ишке ашыруу жагы Сумсар орто мектебинин директоруна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин Жер,жайыт,архитектура,экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |