Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/7
“Сумсар айыл жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча Жергиликтүү аз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө”
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Сумсар айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Ажиева маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин атынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Сумсар айылдык аймагына келишим түзүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык документтерди түзүү жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |