Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 7/9
“Жергиликтүү Кенештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясысында Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык төрага К.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айылдык Кенешинин депутаты Абдыкадырова Зарина Мурабдиллаевна депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбей башка жакка көчүп кеткендигине байланыштуу Жергиликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-статьясынын нормаларына ылайык депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |