Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 45
Кара-Жыгач айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинен жайыт жеринен стоянка курууга жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинен жайыт жеринен стоянка курууга жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинен стоянка курууга жайыт жеринен 1,5га жер аянтын трансформацияга берүү маселеси Кара-Жыгач айыл элинин жалпы чогулушунун токтомунун жыйынтыгынан кийин каралсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |