Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 46
Кызматтын айрым мамлекеттик укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчилике алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар бекитилген келишимге ылайык кызматтын маалыматтык системаларын ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |