Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 48
Жайыт комитетине мамлекеттен, коомдук бирикмелерден жана башкалардан бөлүнгөн дан эгиндеринин үрөндөрүнүн жана минералдык жер семирткичтердин айыл өкмөтүндө сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө
Жайыт комитетине мамлекеттен, коомдук бирикмелерден жана башкалардан бөлүнгөн дан эгиндеринин үрөндөрүнүн жана минералдык жер семирткичтердин айыл өкмөтүндө сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине мамлекеттен, коомдук бирикмелерден жана башкалардан бөлүнгөн дан эгиндеринин үрөндөрүнүн жана минералдык жер семирткичтердин айыл өкмөтүндө сарамжалдуу пайдаланылышы боюнча толук, так аныктап чыгуу боюнча айылдык кенештин депутаттарынан убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Убактылуу комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирсин.
1) Д.Мырзабеков
2) Ж.Исаков
3) Т.Малабеков
4) Р.Тилекматов
5) У.Бучуков
6) У.Тиленбаев
7) Н.Зулумов
8) А.Табалдиев
9) У.Токтоказиев
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |