Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 5-ноябры № 6/1
Авлетим айыл ѳкмѳтү тарабынан 9 айдагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын абалы жана аткарылган жумуштар боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Атантаевдин маалымдамасын угуу
Айылдык Кеӊештин «Бюджет жана экономика», «Социалдык» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 02.11.2021-жылдагы кортундусуна ылайык, сессия
Токтом кылат:
1. Авлетим айыл ѳкмѳтү тарабынан 9 айдагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын абалы жана аткарылган жумуштар боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Атантаевдин билдирүүсү кабыл алынсын.
2. 9 айдын жыйынтыгы боюнча билдирүүнү угууда депутаттар тарабынан айтылган сын- сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштиктүү чараларды кѳрүү айыл ѳкмѳтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |