Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/3
«Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу долборун бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кеӊеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 6374,0 (Алты миллион үч жүз жетимиш тѳрт миӊ) сом, теңдөөчү трансферт 3384,0 (Үч миллион үч жүз сексен тѳрт миң) сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миӊ беш жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпы суммасы: 10366,5 (он миллион үч жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1080,0 (бир миллион сексен миӊ)сом, сумма кошулуп 11446,5 (он бир миллион тѳрт жүз кырк алты миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миӊ беш жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз 3/1( үчтөн бир) бөлүгү 202,9 (эки жүз эки миң тогуз жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ал эми калган 405,6 (тѳрт жүз беш миӊ алты жүз) сом «Авлетим жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын болжолдуу долбоорунун бюджети Өздүк бекитилген киреше 8262,0 (сегиз миллион эки жүз алтымыш эки миң) сом жана теңдѳѳчү трансферт 3384,0 (үч миллион үч жүз сексен тѳрт миң)сом жалпы бюджеттин көлөмү 11646,0 (он бир миллион алты жүз кырк алты миң) сом менен жактырылсын.
5. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын болжолдуу долбоорунун бюджети Өздүк бекитилген киреше 8406,0 (сегиз миллион тѳрт жүз алты миң) сом жана теңдѳѳчү трансферт 3384,0 (үч миллион үч жүз сексен тѳрт миң)сом жалпы бюджеттин көлөмү 11790,0 (он бир миллион жети жүз токсон миң) сом менен жактырылсын.
6. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү атайын каражаттагы бала-бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 11446,5 (он бир миллион тѳрт жүз кырк алты миң беш жүз) сом менен бекитилсин.
7. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт 2021-жылдын 22-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга жана 2023-2024-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жѳнүндѳгү” мыйзамынын 6-беренесине негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга жумшалаары белгиленсин.
8. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну айыл ѳкмѳтүнүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы бир жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 114,4 (бир жүз он тѳрт миң тѳрт жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөт башчысынын резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
10. Айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы бюджеттик мекемелердин кышка болгон даярдыгын толук камсыз кылуу максатында кѳмүр сатып алууга жетпей калган 1247,5( бир миллион эки жүз кырк жети миң беш жүз) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
13. Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
14. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |