Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/5
Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчету жөнүндө
Айылдык кеңештин «айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 2-февралдагы корутуундусуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштери тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчеттук билдирүүсү кабыл алынсын.
2. Депутаттар тарабынан айтылган жана белгиленген сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жайыт комитетине(төрагасы Ж Атенов) милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |