Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/6
«Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» жайытты башкаруунун 2022-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Атеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» Жайыт комитетинин 2022-жыл үчүн жалпы бюджети №1-2-3-4-5-6-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2022-жылга карата киреше бөлүгү 1 251 387сом жана чыгаша бөлүгү 1 251 387 сом бекитилсин.
3. «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» кызматкерлеринин 2021-жыл үчүн эмгек акы боюнча түзүлгөн сметасындагы эмгек акысы 375 416 сом жана соцфонд чыгымына 64 759 сом бекитилсин.
4. Авлетим айыл округунун аймагындагы жайыт пайдалануучулардан 1 га жер үчүн 13,60 сом жайыт салыгын кошпогондо 1 баш чоң кара мал үчүн 80,00 сом, 1баш жаш бодо мал үчүн 56,00 сом, кой-эчки 16,00 сом, жылкы 107,00 сом, эшекке 80,00 сомдон төлөм акысы бекитилсин.
5. Авлетим айыл аймагынын Дейрес участкасынын жайыттырына башка айыл аймагынан келген атуулдардын малы үчүн 1 баш чоң бодо малына 150,00 сом, жаш бодо малына 100,00 сом, жылкысына 180,00 сом, кой-эчкисине 30,00 сом, козу-улагына 15,00 сомдон төлөм акы бекитилсин.
6. Авлетим айыл аймагынын жайыттарына башка айыл аймагынын атуулдарынын малдары кирүүсүнө жол берилбесин.
7. Алыскы ГЗЗга чыккан малга 1баш чоң бодо малга 50,00 сомдон 1баш жаш бодо мал үчүн 50,00 сом, 1баш кой-эчки үчүн 10,00 сом, бир баш жылкы үчүн 50,00сом, 1баш эшек үчүн 50,00 сом төлөм акы бекитилсин.
8. Жайыт инфрастуктурасын оңдоо үчүн 191000.00 сом акча каражаты бекитилсин.
9. КР Финансы Министрлигинин 18.03.2017-жылдагы № 08-2-3/2862 - катына ылайык айыл өкмөтткө 291 962 сом(анын ичинен 62 390 сом жайыт салыгы) бекитилсин.
10. Сапар чыгымына 60 000 сом, концелярдык товарлар чыгымына 6 000 сом, транспорт чыгымына 10 000 сом, ж.б чыгымдарга 40 000 сом бекитилсин. Бул чыгымдардын отчеттору талаптагы документтер менен жабылсын.
11. Кыргыз Жайыты Ассосациясы жана Аксы жайыт Ассосациясынын төлөм акысы үчүн 3 000 сом бекитилсин.
12. «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» менен механизаторлордун ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин
13. «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» менен чакан жем тарткыч пайдалануучулардын ортосундагы келишим бекитилсин.
14. Жайыт жерлерди башка максатта пайдалануу үчүн:
· Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн ар бир гектарына 1000сомдон
· Жайыт жерлердентоют даярдоо үчүн ар бир гектарынан 2000сом
· Балык чарба жана туризм уюштуруу үчүн ар бир гектарына 3500сом акы бекитилсин.
15. Жайыт жерлерге караштуу токойлуу жерлердеги түшүмгө кирген жаңгактарды ижарага берип, ижарачыдан ар бир түбүнөн 5(беш) кг дан жангактын акчасы базар баасында өндүрүлсүн.
16. Токойлуу жайыт жерлердеги кагайган отундарды тазалоо үчүн ар куб шак отун үчүн 250сом жоон отун үчүн 600 сом жана чатырдын орду үчүн 100сомдон акы алынсын.
17. Токойлуу жайыт жердин токойлорун сактоо максатында кошумча токойчу алынсын жана жаңгак менен отундан түшкөн акча каражатынын 30 пайызы эмгек акысына берилсин
18. ЖПБнын ишин жогорку денгээлде уюштуруу элдин жайытка болгон муктаждыктарын чечүү жагы ЖПБнын төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
19. Жайыт билетин жайыт пайдалануучуларга жазып берүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
20. Токтомдун аткарылышы «Айыл чарба жана экология боюнча» жана «бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |