Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/9
«Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эмгек келишимин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 27.01.2022-жылдагы №32 сандагы билдирүүсүнө негиз жана «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимди угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы К.Атантаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |