Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/11
«Авлетим айыл аймагынын кайра бѳлүштүрүү жер фондусунун ижара акыларын бекитүү жѳнүндѳ»
Айылдык Кеӊештин «Айыл чарба жана экологияны коргоо», «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 27-январь 2022-жылдагы биргелешкен отурумунун №1протоколуна негиз сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылдык Кеӊешинин «Айыл чарба жана экологияны коргоо»,»Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен кошмо отурумунун 2022-жылдын 27-январындагы №1протоколунун негизинде берилген сунуштары кѳӊүлгѳ алынсын.
2. Авлетим айылдык Кеӊешинин «Айыл чарба жана экологияны коргоо»,»Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен сунуштарына ылайык:
1.Суулуу жерге 1га үчүн 3000-00 сом.
2.Кайракы жерге 1га үчүн 800 сом.
3.Кысыр аӊыздын чѳп чабындысы үчүн 1га 700 сом.
4.Сазык участкасындагы жер үчүн 1га 400 сомдон бекитилсин.
3.Кайра бѳлүштүрүү жерлеринин ижара акысын чогултуу жана эффективдүү пайдалануу жагы Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Атантаевге жана жер адиси М.Узуновго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы «Айыл чарба жана экологияны коргоо», «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (тѳрагалары Э.Токобаев,А.Шайдиев) жүктѳлсүн.
5 Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |