Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 3-февралы № 7/12
Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бѳлүнүшүнүн Авлетим айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып,2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнѳ жана аткарылышына жүргүзүлгѳн аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ
Авлетим айылдык Кеӊешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бѳлүнүшүнүн Авлетим айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып,2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнѳ жана аткарылышына жүргүзүлгѳн аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин «Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.У.Шайдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Авлетим айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бѳлүнүшүнүн Авлетим айыл аймагынын 2019-жылдын 1-январынан тартып,2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнѳ жана аткарылышына жүргүзүлгѳн аудиттин жыйынтыгы жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин «Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.У.Шайдиевдин билдирүүсү кѳӊүлгѳ алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Аталган аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетто жана Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бѳлүнүшүнүн жазма буйругунда кѳрсѳтүлгѳн сунуштар Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Р.Атантаев жана айыл ѳкмѳтүнүн ФЕБинин башчысы –башкы эсепчи Б.К.Абылаев тарабынан аткарууга алынсын жана кѳрсѳтүлгѳн кемчиликтерге мындан ары жол бербѳѳ аларга милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеӊештин «Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясы( тѳрагасы А.У.Шайдиев) мындан кийинки аудиттик текшерүүлѳр жүргүзүлгѳн учурда мурдагы аудит тарабынан белгиленген кемчиликтердин айыл ѳкмѳтүнүн ФЕБи тарабынан кетирилбешине кѳзѳмѳл жүргүзсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бѳлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы№01-14/543 сандуу катына жооп иретинде аталган аймактык бѳлүнүшкѳ жѳнѳтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеӊештин«Бюджет жана экономика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясына( тѳрагасы А.У.Шайдиев)жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов |