Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 38
Абды Суеркулов айылдык кенешинин 2022-жылга туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кенешинин 2022-жылга туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана жаштар саясаты боюнча комиссиясынын, айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын, мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссияларынын 2022-жылга иш пландары бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин тѳрагасы: | К.Таалайбек уулу |