Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 40
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
· Жергиликтүү бюджет-8472500сом.
· Теңдештирүүчү грант-6790000сом.
· 2021-жылга калдык-5998130,12 (клубдарга өздүк салым)
· Аппараттын атайын эсептеги 2021-жылдагы калдыгы 727298,54сом (атайын фонддон түшкөн максаттуу акча каражаттар)
· Бала бакчалардын атайын эсептеги 2021-жылдагы калдыгы 3222,30сом (ата-энелер взносу)
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин тѳрагасы: | К.Таалайбек уулу |