Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 43
Абды Суеркулов айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Абды Суеркулов айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагында чарбачылык субьект катары муниципалдык ишкана ачылсын.
2. Абды Суеркулов айыл аймагынын муниципалдык ишканасынын Уставы жактырылсын.
3. Муниципалдык ишкананын Уставы Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Кеңештин тѳрагасы: | К.Таалайбек уулу |