Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 4
Токтогул балык чарба мамлекеттик ишканасына 0,20га жер аянтын пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Токтогул балык чарба мамлекеттик ишканасынын директору Ш.Т.Мырзагелдиев балык чарба ишканасына пайдалануу үчүн жер аянтын сурап кайрылган арызын карап, айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагынын айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Токтогул балык чарба мамлекеттик ишканасына пайдалануу үчүн 0,20га жер берүүгө макулдук берилсин.
3. Жерге тиешелүү документтерин тактап берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Өзүбеков |