Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 5
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Э.Тойгонбаевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын 2021-жыл ичиндеги бюджеттин жыйналышы жана сарпталышы, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Өзүбеков |