Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 12
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмүнүн тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмүнүн тарифин бекитип берүү боюнча сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, балдар бакчалардын жетекчилери Н.Тууганбаева,А.Адышова,В.Айтмырзаеванын билдирүүлөрүн жана Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчаларда тарбияланган балдардын ата-энелеринен тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмү азык-түлүктөрдүн кымбаттаганына байланыштуу 900 (тогуз жүз) сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү тарабынан бериле турган каражат ар бир балага 20 (жыйырма) сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Өзүбеков |