Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 1
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнундө
Ноокен айылдык кеңештин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын VI–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-августундагы №126-б буйругу менен кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо максатында түзүлгөн комиссия курамы мындан ары туруктуу болуп бекитилсин.
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик фондунун жерлерин торукка коюуда эски төлөмдөрдөн 20% жогорулатуу менен баштапкы бааларын аныктоо жагы туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик фондунун жерлерин торукка коюлган ар бир лотто 2 га жерден ашырбоо жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э. Оморовго милдетендирилсин
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |