Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 2
Ноокен айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-февралындагы Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ноокен айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн Кочкор-Ата границасы менен чектеш болгон граница Кочкор-Ата көчөсүнүн тургундарын электр энергия менен камсыз кылуу максатында трансформатор сатып алуу үчүн 2021-жылдын бюджетинде каралган 2221 статьясынан 3111 статьясына 250 (эки жуз элүү) мин сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Ноокен айыл өкмөтүн аймагында жашаган 3 тоголок жетим алдарга турак жай салуу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкелерине тиешелүү документтерин даярдоо максатында 2021-жылдын бюджетинде каралаган аппараттын 2215 статьясынан 41400 (кырк бир миң төрт жүз) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
3. Ноокен айыл өкмөтунүн жаны курулган имаратынын ачылышына карата 2021-жылдын бюджетинде каралган аппараттын 2215 статьясынан 150 (бир жүз элү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У. А Мариповдун 2021-жылдын 29-июнундагы №201 Кыргыз Республикасынын Баткен облусун социалдык –экономикалык жактан тездетип өнүктүрүнү, калктын бакубаттыгын жана жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу максатында, топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү жөнүндөгү буйругунун негизинде айыл өкмөттүн 2021-жылдын бюджетинде жардам үчүн каралган 2721 статьясынан 50 (элү) мин сом акча каражаты бөлүп берилсен.
5. Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №1 токтомунда бекитилген акча каражаттарды статьядан статьяга жылдырууга уруксат берилсин.
5. Ноокен айылдык кеңешинин сессиясында каралып бөлунуп берилген акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы Б. Календеровго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүң жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |