Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 3
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2178 Сары-Сыя , № 2179 Ноокен, № 2180 Кара-Булак, № 2181 Курулуш, № 2182 Шалка шайлоо участкаларынын комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Хакимованын айыл өкмөттүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына толуктоо киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү борбордук шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Маматовдун 2021-жылдын 10-сентябрындагы №01-05/19-сандуу катындагы маалыматты угуп жана талкуулап Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI–сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2021-жылдын 29-августундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” ПЖ №370 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган жобо жана календардык план эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамына негиз Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 2178 Сары-Сыя, № 2179 Ноокен, № 2180 Кара-Булак, № 2181 Курулуш, № 2182 Шалка участкалык шайлоо комиссияларынын курамы №1 тиркемеге ылайык беш жылдык мөөнөткө бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б. Календеровго жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |