Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 6
Ноокен айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз, Курулуш, Кочкор-Ата границасындагы электр мамычаларын Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги VI–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы 12, Курулуш айылындагы 10, Кочкор-Ата границасындагы 21 электр мамычаларын Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э. Оморовго милдетендирилсин
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |