Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 8
Диалогдук аянтча жөнундө Жобону бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык ассоциациясынын” 2021-жылдын 16-августундагы №22 катын карап чыгып, Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын VI–сессиясы токтом кылат:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык Ассоциациасынын” Диалогдук аянтча жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык ассоциациясы” менен иш алып баруу жагы Ноокен айылдык кеңешинин ишмердүүлүк жана иновация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин Ноокен айылдык кеңешинин ишмердүүлүк жана иновация боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |