Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 8
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы (республикалык берилүүчү теңдөөчү грантты кошуп эсептегенде) 10677,0 миӊ сомго бекитилсин.
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2022-жылга 8 968,0 миӊ сомго бекитилсин.
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеби 2022-жылга 1650,0 миӊ сомго бекитилсин.
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2022-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 107,0 миӊ сомго белгиленсин.
-Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- бөлүмүнө жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
-Айылдык кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга жана башка кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган беренелерден жумшалсын .
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу жагы айыл өкмөткө (жер салыктарынан, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан, кыймылдуу мүлк жана башка салыктардан) тапшырылып, аны жумшоо айылдык кеңештин макулдугу менен жумшоо тапшырылсын.
-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
-Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеӊештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: | М. Суранбаева |