Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 10
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын оптималдаштыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 02. 12. 2021-жыл №541 Жарлыгын аткарууга алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинен айыл өкмөт башчысына берилген 09. 02. 2022-ж. №01-12-12 сандуу билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 02. 12. 2021-жыл №541 жана 26. 06. 2021-жыл №278 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушуна ылайык айыл өкмөтүнүн төмөндөгү штат бирдиктери кыскартылсын:
-айыл өкмөт башчысынын орун басары-1 (1штат бирдиги)
-башкы адис 1-(1штат бирдиги)
-жетектөөчү адис-1(1 штат бирдиги)
-жетектөөчү адис(айыл башчы)-1(1 штат бирдиги)
-адис (ВУС) кызматкери-1 (1штат бирдиги)
-адис (оператор)-1 (1штат бирдиги)
2. Айыл өкмөттүн аппаратынын штат бирдигин кыскартып бекитүү тиешелүү мыйзамга ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: | М. Суранбаева |