Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 11
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын канааттандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Акматжан уулунун сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы төмөндөгү социалдык мекемелерге жана айыл тургундарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин:
-Камыш-Башы айылындагы демөөрчүлөр тарабынан чыгарылган сууга кошумча суу кампа курууга 100,0 миң сом берилсин;
- Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы лигага чыга турган мектеп окуучуларына жол кире акыларына 100,0 миң сом берилсин;
-Орто-Жон айылындагы электр энергиянын чубалгыларын алууга 135,0 сом берилсин;
-Айыл өкмөтүнө түстүү А-3 өлчөмүндөгү принтер алууга 40,0 миң сом берилсин;
-Бууракан, Орто-Жон айылындагы жайыт жерине тиешелүү жерден жол салууга 16,0 миң сом күйүүчү майга берилсин;
-Айыл ичинде ички жолдорго труба коюуга 60,0 миң сом берилсин;
-Орто-Жон айылынын тургуну Кулуева Калиянын дарылануусуна 10,0 миң сом берилсин;
-Камыш-Башы айылынын тургуну Качкынова Мира Шариповнанын дарылануусуна 10,0 миң сом берилсин;
«Өнүгүү-Башаты» муниципалдык ишканасынын эсебиндеги 200,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүлөргө жумшалсын:
-Жолдорго кум-шагылды элеп төгүү үчүн элек жасоого 100,0 миң сом берилсин;
- Камыш-Башы, Бел-Кара-Суу, Шайык айылдарынын окуучуларын ташуучу кичи автоунаанын оңдоо иштерине 100,0 миң берилсин.
1. Жергиликтүү бюджеттин тартышыгына байланыштуу айылдык кеңешке келип түшкөн чечилбей калган төмөндөгү жарандардын сунуштарын 2022-жылга (салык жана башка) ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чечүү максатында айыл өкмөт башчысына тапшырылсын:
- Эгембердиев Талант-кириш №Э-5. 17.01.2022-жыл
- Шайык айылдарынын тургундары - кириш №К-6, 17. 01. 2022-жыл
- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн –кириш №К-7, 17. 01. 2022-жыл
- Абдыкаимова З.- кириш № А-10 19. 01. 2022-жыл
- Тангабаев Х- кириш №Т-12 27. 01. 2022-жыл
- Алыбеков М.-кириш №Т-13 24. 01. 2022-жыл
- Э.Мураталиев -кириш №Э-14 01. 02. 2022-жыл
- Тангабаев Х. -кириш №Т-15 01. 02. 2022-жыл
- Өзгөрүш айылынын тургундарынан –кириш №К-17 01. 02. 2022-жыл
- Э.Бешкемпирова-кириш №Б-25 07. 02. 2022-жыл
- Ж.Ысырайылов-кириш №Ы-35 17. 02. 2022-жыл
- К.Чодошов орто мектебинен-кириш №Кл-36 17. 02. 2022-жыл
- Э.Бакиевден-кириш №Б-37 17. 02. 2022-жыл
- Шайлообеков Д.- кириш №Ш-39 21. 02. 2022-жыл
- Шайлообеков Д.-кириш №Ш-40 21. 02. 2022-жыл
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: | М. Суранбаева |