Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 12
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иш планынын 2021-жылга аткарылышы, 2022-жылга бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси А. Акматалиевдин маалыматын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл - Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга аткарган иштеринин маалыматы кемчиликтерди эске алуу менен жактырылсын.
2. Кызыл - Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджети жана иш планы бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлеринин чек араларын жана малдын бардык түрлөрүнүн санын тактоо үчүн комиссия түзүп, жайыт жерлеринин чек араларын жана малдын санын тактоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөт башчысына жана А. Акматалиевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: |
М. Суранбаева |