Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 3-февралы № 51
Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун объекттеринин акысын төлөө маселесин жайгаруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун, 2006-жылдын 1-мартындагы № 135 токтомунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жибек-Жолу" акционердик коомунун иштешин камсыздоо, ошондой эле Баткен облусу уюшулуп жаткан учурда облустук мамлекеттик мекемелерди жайгаштыруу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз керек - жарак коомдор союзунун объекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 2002-жылдын 13-декабрындагы № 628-11-13 "Кыргыз керекжарак коомдор союзунун системасындагы объекттерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомунда айтылган сунуштарга ылайык мамлекеттик менчикке өткөрүлгөнүн белгилейт.
Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун системасындагы объекттердин баасын төлөө маселесин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз керек-жарак коомдор союзуна 20 миллион 400 миң сом суммасында карыз экени моюнга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызын төмөнкү объекттерди өткөрүп берүү жолу менен жоюу жөнүндө Кыргыз керекжарак коомдор союзунун сунушу кабыл алынсын, алар:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун Бишкек ш., Эркиндик проспекти, 30 дарегиндеги имаратынын бөлмөлөрүнүн (биринчи кабатта - 19 кабинет, экинчи кабатта - 3 кабинет) жалпы аянты 792 чарчы м. болгон бөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын "Курулушинновация" фондунун Бишкек ш., Кулатов көчөсү, 24 дарегиндеги имараты;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек ш., Исанов көчөсү, 42 дарегиндеги имаратындагы актовый зал жана ашкана;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" Эл аралык автомобилдик ташуулар башкармасынын Бишкек ш., Чыгыш өнөр жай зонасы, Автосборочная көчөсү, 2 дарегиндеги администрациялык-өндүрүштүк базасы.
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 1-мартындагы № 135 токтомуна ылайык алынып салынды)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди аныкталган тартипте бааласын жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыздын суммасына өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз керек-жарак коомдор союзуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн суммадагы карызын төлөө маселеси жайгарылды деп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте мурда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттардагы бөлмөлөрдү ээлеген ведомствосуна таандык структураларды администрациялык имараттарды пайдаланууну тыгыздаштыруунун эсебинен жайгаштырышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-апрелиндеги № 197 Кыргыз Республикасынын "Курулушинновация" фондуна имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 135 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Н.Танаев |