Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 13
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын аткарган иштеринин маалыматы жана 2022-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Өскөнбаевдин маалыматын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга аткарган иштеринин маалыматы жактырылсын.
2. 2022-жылга карата иш-планы бекитилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: |
М. Суранбаева |