Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 14
Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2022-жылга карата бөлүнгөн каражаттардын бөлүнүп жумшалышы жөнүндө
Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын байкоочу кеңешинин Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн өкүлү Кубат уулу Эрмектин маалыматын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын 2021-жылга бөлүнгөн каражаттардын жумшалышы жөнүндө Кубат уулу Эрмектин берген маалыматы жактырылсын.
2. Атайын эсеп дирекциясынан бөлүнгөн каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнүп жумшалсын:
-Ж. Чаргынов атындагы орто мектебине ашкананын имаратын курууга 3400,0 миң сом;
-“Жаңы-Күч” каналынын башкы суу бөлүштүрүүчү курулмаларын куруу жана каналды калыбына келтирүүгө 150,0 миң сом.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: |
М. Суранбаева |