Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 15
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу айылынын жашоочуларынын сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т. Мүсүралиеванын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. К. Сулаймановдун 31. 11. 2022-жылдагы №12-69/22 катын жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылынын жашоочуларынын «Бел-Кара-Суу айылы» макамы жөнүндөгү сунуш-пикирлерин эске алып, 09.02.2022-жылдагы элдик жыйындын токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 01. 07. 2020-жылдагы №237 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу айылынын «Бел-Кара-Суу айылы» макамы жана тарыхый аталышы өзгөртүлбөй калтырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасынын орун басары: | М. Суранбаева |