Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаадык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 8-февралы № 13/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №1-12/6 11.01.2022-ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларын багуу эрежелери жөнүндө жобону карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз ХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларын багуу эрежелери жөнүндө жобосу бекитип берилсин.
(Жобо 4 баракта тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Замирбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |
|
“Бекитилди" Көк-Жаңгак шаардык кенештин 08.02.2022-жылдагы XIII сессиясынын 13/1 токтому менен __________________З.Байдавлетов
|
|
|
Көк-Жаңгак шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларын багуу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
Жалпы бөлүк
1.1 Көк-Жаңгак ш. үй жаныбарларын, малды жана канаттууларды багуу эрежелери (мындан ары-Эрежелер) шаар жашоочуларына - үй жаныбарларынын, малдын, канаттуулардын ээлерине тиешелүү.
1.2 Үй жаныбарларына төмөнкүлер кирет:
· мүйүздүү бодо мал, жылкылар;
· мүйүздүү майда мал;
· тооктор, каздар, үндүктөр жана үй канаттуулардын башка түрлөрү.
1.3 Көк-Жаңгак шаарында үй жаныбарларды жана канаттууларды багуу эрежеси Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамынын,
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын, "Ветеринария жөнүндө" мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын Дыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин негизинде иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттүүлүктун, жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзам менен коргоолуучу кызыкчылыктарын коргоо менен жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштыруу принциптеринде жүргүзөт деп корсотулгон.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 27-беренесинин 1-п. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык , маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет: деп ушул болумдун 9-п. жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу; ушул эле болумдун 10-п. парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү; ушул эле болумдун 13-п. жергиликтүү маанидеги тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 29-беренесинин 6-болумунун 13-п. айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу ыйгарым укугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон мамлекеттик негизги ыйгарым укуктардан экендиги белгиленген.
Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесинин 3-п. ылайык, Кыргыз Республикасынын ветеринария тутумуна өз компетенциясынын алкактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирет деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин 1-п. Социалдык мобилизациялоо жана калкка кабарлоо жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардын жайылышын четтетүү, жаныбарларды кармоо жана багуу маселелеринде маалымдар болууну жана билимдерди арттыруу, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринин (дарттарынын) пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу максатында жаныбарлардын ден-соолугун сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул эле берененин 2-п. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле киргизилип жаткан чектөө иш-чаралары жөнүндө калкка өз убагында кабарлайт деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Реснубликасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Жергиликтүү жамааттар, коомдук уюмдар жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн уставдык максаттарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жаныбарлардын ден- соолугун сактоону жана эпизоотиялык амандыкты камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга;
2) ветеринардык-санитардык жана алдын алуу иш-чараларынын, чектөөчү жана коргоо-карантиндик иш-чаралардын аткарылышына көмөктөшүүгө;
3) социалдык мобилизациялоого жана эпизоотиялык кырдаал тууралуу калкка маалымдоого катышууга;
4) жаныбарлардын ден-соолугун коргоо боюнча улуттук жана жергиликтүү пландарды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга.
Ушул жогоруда аталган мыйзамдарда белгиленген талаптарына ылайык, жергиликтүү бийликтинукук милдеттери көрсөтүлгөн.
2. Көк-Жаңгак ш. мэриясынын милдеттери
2.1 Көк-Жаңгак ш. мэриясы бардык жарандарды ушул Эрежелердин мазмуну менен тааныштырууга милдеттүү.
2.2 Үй жаныбарларынын эсебин өз маалында жүргүзүүгө.
2.3 Административдик таасир этүү боюнча чараларды көрүүгө.
2.4 Шаар жашоочулары тарабынан жаныбарларды багуу Эрежесинин сакталышына көзөмөл кылууга.
3. Үй жаныбарларын, малды жана канаттууларды багуу.
3.1 Бардык продуктивдүү жаныбарлар (мүйүздүү бодо мал, эчкилер, койлор, коёндор, жылкылар) милдеттүү каттоого алынууга тийиш. Жаңы сатылып алынган жаныбарлар 10 күндүк мөөнөттүн ичинде каттоого алынышы керек.
3.2 Мүйүздүү бодо малдын ээлерине жаныбардын мойнуна же кулагына тагылуучу каттоо номуру менен биркалар берилет, каттоосу номуру жок мүйүздүү бодо малдын шаар аймагында болушуна тыюу салынат.
3.3 Шаар жашоочуларына, үй жаныбарларын жана малды (уйларды, койлорду, эчкилерди жана башкаларды) шаарда багуусуна, ушул Эрежелерди сактоо менен короосу бар жеке турак-жайлардын аймагында гана уруксат берилет.
3.4 Малды жайып оттотуу жана чөп чабуу бир гана жайыт жерлеринин аймактарында ишке ашырылышы керек.
3.5 Жаныбарларды жана малды аларды жолдун он жээгине жакыныраак багыттоо менен сутканын жарык убагында гана жолдордо айдап өтүү керек.
3.6. Үй жаныбарларынын ээлери буларга милдеттүү:
3.6.1 Жаныбарлардын ылаңын алдын алууну жана мал чарба продуктуларынын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыздоочу чарбалык жана ветеринардык иш-чараларды жүргүзүү, мал чарбачылыктын калдыктары менен айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербөө, ошондой эле, жыл сайынкы кайра каттоо мезгилиндеги милдеттүү дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
3.6.2 Жаныбарлардын шаар аймактарында жүрүшүнө жол бербестен алардын жүргөн жерине тынымсыз көзөмөл кылуу. Айланадагылардын коопсуздугун камсыздоочу тиешелүү чараларды көрүү.
3.6.3 Мал ылдандап калганда жана кырылган учурларда, ошондой эле, жаныбарлардын демейдегиден башкача кыймыл-аракети тууралуу ветеринарларга кабарлоо. Адистер келгенге чейин ыланга шектелген жаныбарларды бөлүп кармоону камсыз кылуу;
3.6.4. Ветеринардык адистердин талабы менен жаныбарларды кароого, диагностикалык изилдөөлөрдү, алдын алуу эмдөөнү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү;
3.6.5 Жаныбарларды жана канаттууларды мектептерден, дарылоо жана мектепке чейинки мекемелеринен, соода, коомдук тамактануу ишканаларынан 50 метрден кем эмес аралыкта, ошондой эле, коңшу турак-жайдын жакынкы терезесинен жана эшиктеринен 15 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан атайын жабдууланган жабык жайларда багуу;
3.6.6 Жазгы-жайкы мезгилде туруктуу түрдө дубалдарды актап, терезелерди жана эшиктерди тор менен жабуу жана 10 күндө бир ирет мал менен канаттуулар багылган жайларды алдын алуучу дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо, күн сайын механикалык жууп-тазалоо жүргүзүү;
3.7 Алыстан келип калган малдарды кармоо: Биринчи кезекте мэрияга кабар берип акт туздуруп тил каты алынат. Ошол учурда малын кармап баккан адамга, малдын ээси, келтирилген зыяндарын жана анын баккан чыгымын, мыйзамдын негизинде толоп берууго милдеттуу.
3.8. Көк-Жаңгак ш. үй жаныбарларын жылкыларды, мүйүздүү бодо мал жана мүйүздүү майда малды томондогу жолдор менен багууга милдеттендирет:
- жылкыларды, мүйүздүү бодо мал жана мүйүздүү майда малды шаардын сыртында жашоочуларга тоскоолдук жаратпаган жана эгин тааласына , жайытына зыян келтирбеген жерде багууга.
- жайылып жургон жылкылар, мүйүздүү бодо мал жана мүйүздүү майда малды созсуз ээлеринин козомоолундо болушу керек.
Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын малдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 11.04.2016-жылдагы №201 токтомунун “Санитардык коргоо аралыктарды сактоо жонундогу” токтомунун 3 тиркемесинин 8-болугуно ылайык томонку эрежеде кармалуусу зарыл:
Үй жаныбарларын, малды жана канаттууларды багуу, ошондой эле аталган жаныбарлардын ээлеринин укук милдеттери Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамында, "Ветеринария жөнүндө" мыйзамдарында корсотулгон.
Ага карабастан жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарынан сырткары келген жагдайларда жергиликтуу жарандардын конулун бурган үй жаныбарларын жана канаттууларын багуу эрежесин тузушуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык жаза чарасын чектоону карап жатышат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде аталган эрежелердин 3.9. корсотулгон:
3.9 Көк-Жаңгак ш. үй жаныбарларын (жылкыларды, мүйүздүү бодо мал жана мүйүздүү майда мал) багууга жана жаюуга тыюу салынат:
· коомдук жайлардын аймактарында;
· газондордо, парктарда, бакчаларда жана жашоочулардын эс алган жерлеринде;
· коомдук көчөлөрдө;
· балдар аянтчаларында;
· шаардын коомдук имараттарынын аймактарында;
· суу оргумалардын, суу колонкаларынын аймактарында, бассейндерде, көлдөрдө жана коомдук колдонуудагы башка жерлерде;
· коп батирлүү үйлөрдө, анын ичинде ашканада, коридорлордо, тепкичтер аянтчасында жана чатырды астында, жер төлөлөрдө, ошондой эле, балкондордо жана лоджияларда. чоп орулуучу жайыттарда эгин мезгилинде суугат, кайракы жерлерде.
· шаардын аймагындагы административдик объектилерде (Мэрия , китеп кана, Мектептер)
· жеке уйлордун аймагында.
· багбанчылык кылган бактарда.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстин ичинен туура келген 182-беренесинин 1-п. Жайытты жүгүртүүгө ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде малды жайууну же белгиленген мөөнөттөн мурда жайууну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок, табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет деп гана корсотулгон. Ушул берененин талабына ылайык келген жагдайларда гана кароо мумкундугу сунушталат. Ошондой эле жогоруда корсотулгон пунктардын баардыгын озуно камтыбайт.
4. Жайлоого кетүү жана келүү тартиби.
Жайлоого чыгуу мезгили мал баккан адамдан жана аба-ырайына байланыштуу. Келүү, жергиликтүү жааматтын өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу, эгер жергиликтүү жамаат өз-ара сүйлөшпөсө эгин талаа, чөп, мөмө жыйно мезгили толук бүткөн сон келүүгө милдеттүү.
5. Өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык кызматтарынын укуктары жана милдеттери.
5.1 Шаардык кеңеш, мэрия, кварталдык комитеттер:
5.2 Ушул Эрежелер менен тыюу салынган аймакка тынымсыз көзөмөл жүргүзүү.
5.3. Коомдук аймактарда үй жаныбарлары бар экенин алардын ээлерине кабарлоо жана ээлерине административдик таасир этүү чараларын көрүү.
5.4. Жарандар таанышып алуусу үчүн үй жаныбарларын багуу боюнча эрежелер, айып санкциялар, жарандардын кайрылуусу үчүн мэриянын даректери жана телефондору менен маалыматты көз көргөн жерге жайгаштыруу.
6. Административдик санкцияларды колдонуу.
6.1. Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексин, карантиндин эрежелерин жана шарттарын, башка ветеринардык - санитардык Эрежелерди, Көк-Жаңгак ш. мэриясынын жаныбарлардын жугуштуу ылаңын алдын алуу жана каршы күрөшүү маселелери боюнча чечимдерин бузуу учурларында, кызматтык адамдарга жана жарандарга аталган Кодекске ылайык айыптар салынат.
7. Жыйынтыктоочу жоболор
7.1 Физикалык жана юридикалык жактар жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен мамлекеттик санитардык эпидимиологиялык органына мүйүздүү бодо мал, жылкылар; мүйүздүү майда мал; тооктор, каздар, үндүктөр жана үй канаттуулардын башка түрлөрү боюнча маалымдоого тийиш жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын чегинде.
7.1 Үй жаныбарларын багуу боюнча, ээлери жана башка адамдар ушул Эрежелердин талаптарын бузушса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бузуулар жөнүндө кодекстин чегинде кылмыш жана башка жоопкерчиликке тартылат.
7.2 Инсанга же жарандардын мулкүнө келтирилген зыян, ошондой эле, юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыян учун үй жаныбарлардын ээлерине Кыргыз Республикасынын ЖКнын сырткары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынаары сунушталат.