Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 03-февралы № 1
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2022-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө
2022-жылга карата Жалал-Абад шаардык кеӊештин келечектүү иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Бюджеттик Кодекстин», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана башка мыйзамдардын негиз кылып түзүлдү. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин 2022-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2022-жылга карата келечектүү иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2022-жылга карата кабыл алынган келечектүү пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 03-февраль 2022-жылдагы кезектеги XIV сессиясынын 1-токтомуна 1-тиркеме |
Жалал-Абад шаардык кеңештин 2022-жылга келечектүү иш планы.
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеңештин регламентине жана башка укуктук ченемдик актыларга таянып 2022-жылга карата шаардык кеңештин келечектүү иш планында приоритеттик багыты катары төмөнкүлөрдү эсептейт:
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
I. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер | |||
1. | Шаардык кеңештин 2022-жылга келечектүү иш планын бекитүү; | 2022-жылдын I-кварталы | Н.Орозбаев (төрага) Б.Беркбаева (жоопту катчы) |
2. | Жалал-Абад шаарынын 2022-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2023-2024-ж.ж. бюджетинин божомол (прогноз) көрсөткүчтөрүн кароо жөнүндө; | 2022-жыл Февраль | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия |
3. | Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жөнүндө | 2022-жыл I квартал | Социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, Жалал-Абад областтык ҮДБ, областтык оорукана жана областтык төрөт үйү, СЭС |
4. | Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги жерлерди натыйжалуу пайдалануу жөнүндө | 2022-жыл I квартал | Мэрия, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы, курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссия |
5. | Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2022-жыл Март-апрель | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык кызматы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. |
6. | Жалал-Абад шаарынын аймагында оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгү жана ал мекемелерге барган шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларын кароо | 2022-жылдын II-кварталы | Социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, сан.милиция, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти |
7. | Жалал-Абад шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын ишмердүүлүгү жөнүндө | 2022-жылдын III-кварталы | Мэрия, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы, курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссия |
8. | Жалал-Абад шаарынын «Курулуш маркет» муниципалдык базарынын жана жаңы курулган базардын ишмердүүлүгү жөнүндө | 2022-жыл февраль IV квартал | Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти |
9. | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу | 2022-жылдын сентябрь-октябрь | Шаардык кеӊештин аппараты, мэрия, аймактык башкаруулар |
10. | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу мекеме-ишканалардын, салык инспекциясынын бюджетти толтуруу боюнча ишмердүүлүгүн кароо | 2022-жылдын сентябрь октябрь | Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия, ММБК, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, шаардык салык кызматы |
11. | Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2022-жылы кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жана төраганын аткарган иштери жөнүндө | 2022-жыл декабрь | Туруктуу комиссиялар,аткаруу бийлиги, шаардагы мекеме-ишканалары |
Шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери | |||
12. | Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо, туруктуу комиссиялардын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштери | Планга ылайык | Шаардык кеңештин аппараты |
13. | Туруктуу комиссияларга, аймактык депутаттык топторго иш план түзүү жана ишти уюштуруу боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
14. | Ч. Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек, Тайгараев аймактык башкармаларынын ишине усулдук жана практикалык жардам берүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
15. | Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин семинар-тренингдерге, коомдук иш чараларга катышуусун камсыздоо | Зарылдыкка жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
16. | Шаардык кеңешке түшкөн арыз, каттар жана документтер менен иштөө | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
17. | 23-февраль, 8-март, Нооруз, 9-май жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, улгайган адамдар күнүн, шаар күнүн, майыптар күнүн, Жаңы жыл майрамын өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине катышуу | Календарь боюнча
| Шаардык кеңештин аппараты |
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаева