Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 03-февралы № 3
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.01.2022-ж.чыг.№01-23/1-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын М.Исакуловкөчөсү №7 дарегинде жайгашкан №23-балдар бакчасынын (мурдагы педагогикалык колледж) үч имараттын курулуштарын көз карандысыз баалоочу аркылуу баалатып, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик №1 дарегиндеги №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун эки кабаттуу негизги имаратын, ажаатканасын, откана жана кароолканасынын курулуштарын көз карандысыз баалоочу аркылуу баалатып, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик №1 дарегиндеги №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлерин шарты бар имаратка жайгаштыруу Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) имараттарды укцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |